• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президенттике талапкер Сооронбай Жээнбековдун Интернеттеги расмий баракчасы ачылды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. «Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун расмий веб-сайты (http://jeenbekov2017.kg) ишке киргенин билдиребиз», деп ачылат Кыргыз Республикасынны президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Интернет-баракчасы.

Бул ресурс Сооронбай Жээнбеков, анын ишмердигине байланыштуу акыркы маалыматтар менен таанышып турууга жардам берет.

Сайттан Сооронбай Жээнбековдун командасынын жетишкендиктери, шайлоо алдындагы платформасынын негизги тезистери, ɵмүр таржымалы тууралуу маалыматтарды алып, сайттын «Байланыш» бɵлүмү аркылуу шайлоо штабы менен ыкчам байланыша аласыздар.

Биз сайтты ɵнүктүрүү жана маалыматтар менен толтуруу багытында активдүү иштеп жатабыз. Сиздердин каалооңуздар менен пикириңиздерге кубанычта болобуз.

Сайтты ɵзүңүздɵргɵ сактап алып, http://jeenbekov2017.kg шилтемесин досторуңузга жɵнɵтүңүз да Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков тууралуу маалыматтар менен камсыз болуп туруңуздар.

Эгерде Сизде суроолор жаралса, анда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы менен тɵмɵнкү телефон номерлери аркылуу байланышыңыз.

PR-бɵлүм (0312) 53 33 04

Коомдук кабылдама (0312) 53 33 31

E-mail: s.jeenbekov2017@gmail.com

  • Даярдоочу: КУМА «Кабар»
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов кч. 175
  • (же даярдаган адамдын фамилиясы, аты, атасыны аты жана жашаган жеринин дареги)
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 11.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий