• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президенттикке ат салышкан 7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Президенттикке ат салышкан 7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан (БШК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир президенттикке талапкер БШКнын депозиттик эсебине 1 млн сом суммасында шайлоо күрөөсүн төккөн. Ага ылайык, эсепке президенттик кызмат ордуна 21 талапкерден 21 млн сом суммасында шайлоо күрөөсү түшкөн.

"Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 41-беренесине ылайык, шайлоо күрөөсү президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкандарга төмөнкү учурда кайтарылып берилет:

1) добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;

2) эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан президенттин кызмат ордуна талапкерди, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

3) шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга.

2021-жылдын 10-январындагы КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо бюллетенине 18 талапкер киргизилген. Берген арызынын негизинде президенттик кызмат ордуна талапкер Рашид Тагаевдин каттоосу жокко чыгарылган ( бирок шайлоо бюллетенинде жазылып калган).

Төмөнкү талапкерлердин ар бирине 1 млн сом суммасында шайлоо күрөөсү кайтарып берилүүгө тийиш:

1.Садыр Жапаров – 79,20%;

2. Мыктыбек Арстанбек – 1,69%

3. Клара Сооронкулова – 1,00%

4. Имамидин Ташов – 1,17%

5. Абдил Сегизбаев - 1,46%

6. Адахан Мадумаров – 6,79%

7. Бабур Төлбаев – 2,36%

Калган талапкерлер шайлоочулардын 1 пайыздан кем добуштарын алышты.

БШКнын депозит эсебиндеги 18 млн сом суммасындагы шайлоо күрөөлөрүнүн акча каражаттарынын 7 млн сому аларды төккөн президенттик кызмат ордуна талапкерлерге кайтарып берилүүгө тийиш, ал эми шайлоочулардын 1 пайыздан кем добуштарын алган башка талапкерлердин жана катышуудан баш тарткан талапкер Рашид Тагаевдин шайлоо күрөөлөрүнүн 11 млн сом суммасы бюджетке чегерилүүсү керек.

Ошондой эле Конституциялык мыйзамдын жана БШКнын токтомдорунун жоболорунун негизинде 3 млн сом төмөнкүлөргө кайтарып берилди:

1. Кубан Чороевге - 25.12.2020-жылы 1 млн сом, президенттин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу;

2.Кубанычбек Токтосуновго - 15.12.2020-жылы 1 млн сом, президенттин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу;

3. Кубанычбек Исабековго - 11.12.2020-жылы 1 млн сом, талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий