• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттикке талапкер С.Жээнбеков: Элге ыймандуу жана ак жүрөк бийлик керек

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. “Кыргыз элинин президенттикке талапкер бир уулу Балыкчы шаарынын тургундарынын батасын алуу үчүн алдыңыздарга келип отурат. Сиздер менен ачык-айрым, ийри отуруп, түз кеңешип дегендей, баарлашууга келдим”, - деди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын алкагында Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда.

Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө караганда, президенттин кызматы – бул биринчи кезекте, абдан чоң жоопкерчилик жана ал муну мыкты түшүнүп турат. “Менде бул жоопкерчиликти татыктуу көтөрүп кетүү үчүн ал-күч да, тажрыйба да, билим да жетиштүү. Элге ыймандуу жана ак жүрөк бийлик керек”, - деп белгиледи ал.

С.Жээнбеков Балыкчы шаары Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн босогосундагы өзгөчө шаар экендигин белгиледи. Мында улут жана уруу-уруу болуп бөлүнүүчүлүк жок, анткени мында СССР учурунда эле башка аймактардан, ал тургай башка өлкөлөрдөн келип отурукташып калган жарандар көп. Мисалы, Ленинград блокадасын башынан кечирген эки ардагер ушул шаарда жашайт.

“Балыкчынын тургундары мээнеткеч, иштерман келет. Өлкөдө Социалисттик Эмгектин Баатырлары Асанбек Далбаевди, Асан Мамбеталиевди, Намазалы Туменовду билбегендер аз болсо керек. 2010-жылдын апрелинде үй-бүлөлүк кланга каршы күрөшкө балыкчылык Шабданбек Кулакунов, Абдыгерим Бектуров сыктуу жигиттер да катышкан”, - деди С.Жээнбеков.

Ал Балыкчы өзүнүн географиялык абалынын аркасы менен тез өнүгүүгө шарты бар экендигин белгиледи. “Жакында биз Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушун аяктаганы турабыз.Ошондо түштүк аймактардан келген бардык жолдор Балыкчы аркылуу өтө турган болот жана шаар экономикалык логистикалык борборго айланат”, - деп белгиледи талапкер.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов көч. 175
  • КРПрезиденттинкызматордунаталапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 12.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий