• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кол топтоо баракчасын БШКга тапшырды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кол топтоо баракчасын Боршайкомго тапшырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда президенттикке талапкерлердин эл арасынан кол топтоо иштери жүрүүдө.

Кечээ, 2-декабрда президенттикке талапкерлердин бири Бабур Төлбаев да кол топтоо баракчасын тапшырган.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлер 30 миңден 60 миңге чейин шайлоочулардын колун топтоп, 3-декабрда саат 23:59га чейин БШКга тапшырышы керек.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий