• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго кол чогултуу башталды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Республиканын бардык аймактарында КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго кол чогултуулар жүрүп жатат.

Кол чогултуу пункттары «Космопарк» эс алуу борборунда, «Ала-Тоо» кинотеатрында, «Берекет Гранд» соода борборунда орун алган.

Кол чогултуу тобунун мүчөлөрү Сооронбай Жээнбековду колдоп кол тамгаларын коюуну каалагандардын саны көп экенин билдиришти.

Жарандар билдиргендей, президент катары тажрыйбалуу, Кыргызстандын келечегин көрө билген лидерди көргүлөрү келет. Жаңы президент Кыргызстанда стабилдүүлүктү, социалдык-экономикалык өнүгүүнү турукташтыруусу зарыл. Мындан улам шайлоочулар Сооронбай Жээнбековду колдоп, өздөрүнүн колдоосун көрсөтүшүүдө.

Шайлоо кодексине ылайык, кол чогултуу талапкер болуп көрсөтүлгөндөн тартып, 26-августка чейин уланат. Бул убакытта активисттер 30 миңден кем эмес кол чогултушу зарыл. Кол коюлган баракчалар БШКнын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий