• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттикке талапкер Темир Сариевдин арызын жумушчу топ карайт - БШК

Шайлоо 2017 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Президенттикке талапкер Темир Сариевдин премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кызматын таштабай жатканы боюнча жазган арызы БШКнын жумушчу тобу тарабынан каралып, жооп берилет. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.

“Биз кайрылуулар боюнча иш алып барбайбыз, биз регламент жана мыйзам боюнча иш алып барабыз. Бирок арыз боюнча айта кете турган болсом, мамлекеттик кызматты ээлеген арыз берүүчүнү талапкер катары каттоого чейин ал кызматын уланта берүүгө укугу бар. Каттоодон өткөндөн кийин ал ишин токтотууга милдеттүү. Бул норма мыйзамда көрсөтүлгөн”,-деди Бегматов.

Анын айтымында, учурда мыйзам боюнча арызданууга негиз жок. Себеби Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө каттала элек.

“Ал өзүн колдогондордун кол тамгасын өткөрө элек. 30 миңден кем эмес кол тамганы тапшырыш керек. Мындан тышкары ал кыргыз тили боюнча сертификатты тапшыра элек, шайлоо күрөөсүн кое элек. Мындан улам БШК ушул доукменттерди көргөндөн кийин аны талапкер катары расмий каттайт”,-деп билдирди төраганын орун басары.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкер Темир Сариев БШКга премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кызматын тапшырбай жатканына арызданган болчу.

Пикир

Оставить комментарий