• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттикке талапкерлерди тестирлөө укук коргоочулардын компетенциясындагы маселе – БШК төрайымынын орун басары

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Тергөө абагында отурган президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүү кандай өтөөрү укук коргоо органдарына тиешелүү маселе. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борборшайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ал БШК талапкерлердин тизмесин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына өткөрүп берип жатканын түшүндүрдү. Улуттук комиссиянын алдында талапкерлерди тизмеси боюнча график түзүп, тест жүргүзө турган атайын комиссия бар.

“Биз дагы жардам иретинде өкүлдөрү аркылуу талапкерлерге бул графикти жеткиребиз. Болду. Биз үчүн сертификаттын болушу маанилүү, калганы Улуттук комиссиянын иши”, - деди Бекматов.

Бирок, БШК төрайымынын орун басары Ө.Текебаев, С.Жапаров жана И.Трофимовдун жагдайы өзгөчө экенин, буга байланыштуу Улуттук комиссия укук коргоо органдарына кат жөнөтүүсү керектигин белгиледи. Камакта тургандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү же башка чараларды колдонуу Улуттук комиссиянын жана БШКнын компетенциясына кирбейт. Бул укук коргоо органдарынын иши, алар кандай чара көрүү керектигин билишет. Сот аркылуу же мыйзам чегинде талапкер тесттен өтөбү, алар кандай чечишсе, ошондой болот.

Бүгүн президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча билими текшерилип баштады. Улуттук комиссия түзгөн тизмеге ылайык, тестирлөө жүрөт. Биринчилерден болуп тизмеде учурда коррупция жана алдамчылыкка айыпталып, тергөө абагында отурган Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Садыр Жапаровго карата өлүм менен коркутуу, барымтага алуу, бейбаштык, бийлик өкүлүн зордоо беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Игорь Трофимовго улуттук, расалык, диний же диндер аралык араздашууларды козгоо белгилери боюнча кылмыш козголгон.

Пикир

Оставить комментарий