• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттикке талапкерлердин арасында алдамчылар, коррупционерлер жана бейбаштар бар

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 1-август /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Талапкерлердин ичинен 11 жаран кылмыш ишине тартылган, алардын 7сү соттолгон, айрымдары бир нече ирет соттолгон. Бул тууралуу брифингде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Шайлдабекова билдиргендей, азырынча бул сан такталып жатат, себеби документтерди кабыл алуу токтоп, бардык талапкерлерди текшерүү бүтө элек.

“Бир талапкердин алдамчылык үчүн эки ирет соттуулугу бар, мыйзамсыз каржы жеңилдиктерин алгандыгы үчүн соттолгондор бар. Азырынча алардын соттуулугу жоюлгандыгы такталууда. Ошондой эле, талапкерлердин арасында калп ишкерчилик менен алектенген жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотулгандар бар. Үч талапкер бийликти күч менен басып алуу, бейбаштык беренелери менен соттолгон. Дагы бир талапкер коррупцияга жана алдамчылыкка тиешеси бар делип кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мындан тышкары улуттар аралык чыр чатакты ырбатуу, мыйзамсыз баңги затын сактоого, айлантууга тартылгандар бар”,- деди БШК төрайымы. Бардык талапкерлер боюнча текшерүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, БШКга 59 жаран президенттикке талапкер катары арыз таштаган.

Пикир

Оставить комментарий