• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттикке талапкерлердин саны 48ге жетти

Саясат 0

Бишкек, 29-июль /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, БШКга өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары Өмүралиев Темиркул Алымбековичтен арыз келип түшкөн. Маалыматка ылайык, ал 1960-жылы 5-майда туулган, убактылуу иштебейт.

Ошондой эле, Боршайкомго өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары 59 жаштагы Айтикеев Акбаралы Ысырайыловичтен арыз түшкөн. Ал “Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо партиясынын” төрагасы.

Жалпысынан президенттикке 37 өзүн өзү көрсөткөн талапкерден, жана партия көрсөткөн 11 талапкерден арыз түшкөн:

Алар: Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К.Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К.Шайымбетов, М.Айманбаев, Э.Зарлыков, Т. Өмүралиев, А. Айтикеев.

Ал эми 10 саясий партия көрсөткөн талапкерлер: Т.Сариев – “Ак-Шумкар” саясий партиясы, Б.Төрөбаев – “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы, Турсунбек Акун “Адам укугу” саясий партиясы, А.Мадумаров – “БүтүнКыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков – “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – “Патриоттук партия «Ата-Журт” саясий партиясы, И.Масалиев – “Кыргызстан коммунисттер партиясы” саясий партиясы, “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан – Темирбек Асанбеков, Т. Акимов – “Чон казат“, К.Исаев – “Кыргызстан” саясий партиясынан.

Жалпысынан 48 талапкер КР президенти кызматына көрсөтүлүүдө.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий