• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 24кө жетти. Бирөө жарыштан чыкты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 24кө жеткендигин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда президенттик шайлоого катышуу максатында БШКга Арсланбек Малиев арыз менен кайрылган. Ал 1957-жылы 8-октябрда төрөлгөн. Малиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.

Ошондой эле кечээ, 12-ноябрда "Ай-Данек" гезитинин редактору Токтайым Уметалиев президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз тапшырды. Ал 1962-жылы 4-апрелде төрөлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин талапкерлигин койгон Бакыт Бакетаев Боршайкомго президенттик шайлоого катышуу максатында тапшырган документтерин кайтарып берүү үчүн кайрылган.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга 22 киши арыз тапшырган:

1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
5. Арстан Алай — активист;
6. Мыктыбек Арстанбек – "Халал" индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
11. Кубан Чороев — экономист;
12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
13. Назарбек Нышанов — активист;
14. Нурлан Мотуев — активист;
15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
17.Элеонора Турдубекова - Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
19. Урустам Кабылбеков - Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
22. Жамбылбек Камчиев – куудул.

Пикир

Оставить комментарий