• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин 3,5 саатка созулган маалымат жыйыны аяктады

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны аяктады.

Белгилей кетсек, бул президенттин кызматка келгендеги алгачкы маалымат жыйыны. Анда президенттин бир жыл ичиндеги ишмердигинин жыйынтыгы, өлкөдөгү орчундуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйынына 84 массалык маалымат каражаттарынан, анын ичинде чет элдик жана аймактык 172 журналист аккредитациядан өтүштү.

Башында 2,5 саатка созула турган маалымат жыйыны суроо берүүгө үлгүрбөгөн журналисттердин өтүнүчү менен дагы бир саатка узартылды. Алардын ар бирине эки суроодон берүүгө уруксат берилип, 40 журналист суроо берүүгө жетишти.

ЖМК өкүлдөрү президенттин кландык башкарууга карата мамилеси, коомчулук тарабынан коррупцияга айыпталып жаткан адамдар, мисалы Райымбек Матраимовго карата чара көрүү, Конституцияга президенттин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча оңдоолорду киргизүүгө карата позициясына кызыгышты.

Мындан тышкары, Жээнбеков үй-бүлөсү тууралуу, туугандарынын мамлекеттик башкарууга катышы, өзүнүн күн тартиби жана президенттик кызматындагы пландары тууралуу суроолорго жооп берди.

Ошондой эле президентке өлкөбүздүн өнөктөш мамлекеттер менен жалпы маселелери, алсак Кытайдагы лагерлерде кармалган этникалык кыргыздар, өлкөнүн түштүгүндө экинчи россиялык аскер базасын куруу тууралуу суроолор узатылды.

Учурда саясаттан четтеп турган айрым саясатчылар – Өмүрбек Текебаев жана Өмүрбек Бабанов жана башкалардын маселеси козголду.

Журналисттик иликтөөлөргө негизделген суроолор боюнча президент фактылар менен тыкыр таанышып, кийинчерээк так жооп кайтарарын айтты.

Жалпысынан президент айрымдары кайталанганына карабай бир да суроону жоопсуз калтырган жок.

Маалымат жыйыны аяктаганда Жээнбеков журналисттер менен бирге түштөнүүгө барып, кызыккандар суроо берип жатышты. Президент ар бир кайрылууга көңүл буруп, бирге сүрөткө түшүүдөн качкан жок. Ошондой эле ал катышуучуларды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, журналисттер менен алардын жакындарына бейпилчилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий