• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Президенттин администрациясы Тамчыдагы 70 жер тилкесинин ээсинин суроолоруна байланыштуу үн катты

Коом 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Тамчы айылындагы 70 жер ээсинин атынан демилгечи топ көтөргөн маселе боюнча, тилкелерге укук белгилөөчү документтерди берүү учурунда Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдары бузулган. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирет.

Президенттин администрациясы жер-жерлерде болгон жыйындарда бул жерлердин ээлерине жана пайдалануучуларына мыйзам бузуулар боюнча бир нече жолу түшүндүрмөлөрдү берген.

Ошентип, бул тилкелер арендаторлорго мал чарбасы үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин, ал эми башка максаттарга 5 жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Райондук мамлекеттик администрация ижара келишимдерин түзүү учурунда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу ыйгарым укуктарга ээ болгон эмес жана бул функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 12-октябрындагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөнү коргоо, рекреациялык, тарыхый-маданий багыттагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө” № 502 жобонун 51-пунктунун талаптары бузулган. Бул Жобого ылайык курорттук зоналарда дарылоо жана эс алуу жайларын куруу үчүн жер участокторун берүү областтык мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 10-мартында Мыйзам бузууларды четтетүү боюнча Ысык-Көл обладминистрациясына прокурордук чара көрүү актысы келтирилген.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер тилкелеринин менчик ээлери жана пайдалануучулары менен жерди пайдалануу боюнча республиканын мыйзамдарынын бир катар бузулушуна байланыштуу соттук териштирүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын жана бул жер тилкелери мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгында бошотулууда.

Жер тилкелеринин менчик ээлерине жана пайдалануучуларына ошол эле Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагынан башка жерлер дагы азыркы жер мыйзамдарынын чегинде сунушталууда.

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагындагы жер фондун инвентаризациялоо максатында КРнын жер мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий