• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин администрациясында бир катар мамлекеттик концепцияларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Кыргыз жараны», «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат», «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү» концепцияларын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Эдил Байсалов бул концепцияларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жана программалык документтердин алкагында иш-чаралардын планын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Аталган мамлекеттик концепциялар маанилүү, ошондуктан бул документтердин алкагында коюлган максаттарды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын толук кандуу катышуусу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү зарыл. Бул чаралардын бардыгы элибиздин биримдигин чыңдоого, атуулдукту өнүктүрүүгө, жарандардын руханий-адептик жактан өнүгүүсүнө, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган”, - деди Байсалов.

Кеңешменини жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий