• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин администрациясында шайлоого даярдык көрүүгө карата селектордук кеңешме өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун шайлоо процессинде административдик ресурсту колдонууга жол бербөө боюнча тапшырмасынын алкагында бүгүн, 30-октябрда, КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Алтынбек Эргешов мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен селектордук жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.

«Шайлоо учурунда эч кандай административдик ресурс болбойт. Бардык шайлоо процесси мыйзамдуу өтүшү керек. Үгүт иштерин жүргүзүүдө бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүшү керек», — деп белгиледи Алтынбек Эргешов.

Ал укук коргоо жана мамлекеттик органдардын шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар тууралуу арыздарына жана даттанууларына ыкчам чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги райондордун акимдери менен пикир алышуусунда шайлоо процессине мамлекеттик органдардын кийлигишпөөсү боюнча калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий