• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

— Жанузаков Адилет Канатович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Сазыков Эркин Орозбекович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Бөрүбаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий