• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы “А.Т.Б.” кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартибинде коррупциянын белгиленген схемасынын түзүлгөнү такталды.

КР президентинин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы "А.Т.Б." кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп “С.Н.” аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.

2021-жылдын 18-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен “А.Т.Б.” кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий