• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Апенов Таалайбек Бекболотович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, Таалайбек Апенов пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий