• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын долбоору — видео

Президент 0


Бишкек, 16.04.22./Кабар/. Күн мурун, 15-апрелде, президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

Мамлекет башчысы буга чейин бул жерде өткөн кылымдын 50-жылдарында курулган “Ысык-Көл” мейманканасы жайгашканын, анын имараты жараксыз абалга келгенин эске салды. Ушуга байланыштуу бул жерде жаңы имараттын курулушун баштоо чечими кабыл алынган.

Жаңы административдик комплекстин курулушу борбордук башкаруу аппаратынын ишин оптималдаштырууга, башкарууну эффективдүү жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө, уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн тездетүүгө, техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берери белгиленген. Мындан тышкары, бул мамлекеттик органдардын бир комплексте жайгашуусу чечимдерди иштеп чыгуу процессин тездетет, ордо калаанын борбордук бөлүгүндөгү жол тармагына жүктү азайтат.

Маалым болгондой, административдик имараттардын азыркы жайгашуусу – көпчүлүк мамлекеттик органдар негизинен Бишкектин борбордук бөлүгүндө топтолгон. Муну менен шаардын борборунда жол кыймылына жана тургундарга белгилүү ыңгайсыздыктар жаралууда.

Административдик комплекс заманбап жана көп функционалдуу, өнүккөн инфраструктурасы бар жана пландаштырылган шаардык түзүлүшкө интеграцияланган комплекстердин бири болуп калат.

Белгилей кетсек, курулуш маселелери менен Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгына караштуу Курулуш, социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди реконструкциялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекция алектенет.


Пикир

Оставить комментарий