• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны 24-июнь күнү өтөт

Президент 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны 2019-жылдын 24-июнунда өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Ал билдиргендей, туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш ишмердиги өлкөдөгү өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү маселелерин чечүү багытында иштей турган Комитетти түзүү боюнча чечим кабыл алган. Комитет мамлекеттин жана бизнес коомчулугунун ортосундагы талкуу аянтчасы болуп калат.

Негизги максат – ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, өнөр жайды өнүктүрүү маселелери боюнча кызыкдар тараптардын өз ара активдүү аракеттенүүсүн камсыздоо.

«Өнөр жай тармагындагы инвестициялык ишмердүүлүк боюнча сунуштарды эске алуу менен мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо, колдоо көрсөтүү же секторду стимулдаштыруу, бизнес коомчулук жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча маселелер каралат», – деди Данияр Иманалиев.

Ал белгилегендей, Комитеттин биринчи жыйынында өнөр жайдын азыркы абалы, анын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагы, көйгөйлүү маселелери жана өнүгүүсүн кароо пландаштырылууда.

«Ишкерлердин жана өнөр жай ишканаларынын маселелери жооптуу тараптардын катышуусунда жогорку деңгээлде айтылып, чечим чыгарылат деп күтүлүүдө. Талкуунун жыйынтыгында ишкерлерге конкреттүү колдоо көрсөтүү максатында тийиштүү сунуштамалар жана чаралар кабыл алынат», – деп билдирди Иманалиев.

Пикир

Оставить комментарий