• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин алдындагы санариптик трансформация маселелери боюнча эксперттик кеңеш кезектеги жыйынын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. / Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин санариптик трансформация маселелери боюнча кеңешчиси, Эксперттик кеңештин координатору Дастан Догоев жыйындын кароосуна «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформация программасынын долбоорун сунуштады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Санариптик трансформация маселелери учурда өлкөнүн Президентинин өзгөчө контролунда турат, анткени санарипке өткөрүү өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн көптөгөн факторлоруна, Кыргызстандын экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, коррупцияны кыскартууга таасир этет, — деп белгиледи Дастан Догоев. — Бул Программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын аянтчасында Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында иштелип чыкты. Ал 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Президенттин өлкөнүн санариптик экосистемасынын архитектурасын өнүктүрүү модели боюнча Эксперттик кеңештин сунушун карап чыгуусунун жыйынтыгы болуп калды. Программанын долбоору санариптик жана санариптик эмес трансформациялоонун негиздерин камтыйт. Санариптик эмес негиздер бул мыйзамдарды, билим берүүнү өркүндөтүүнү жана мамлекеттик институттарды күчөтүүнү билдирет. Ошондой эле Программаны ишке ашырууну камсыз кылуу максатында башкаруу модели так аныкталган».

Эксперттик кеңештин мүчөлөрү Программанын долбоорун колдоп, кибер коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууну сунушташты, ошондой эле калк арасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча билим берүү системасын реформалоонун маанисин баса белгилешти.

Атап айтканда, жалпы билим берүү системасына санариптик маданият багытын киргизүү маселелери сунушталды.

Эми «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформация программасынын Концепциясынын долбоору донорлордун катышуусу менен эксперттик талкууга коюлат.

Пикир

Оставить комментарий