• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президенттин аппарат жетекчиси акын Омор Султановго II даражадагы "Манас" орденин тапшырды

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Акын, коомдук ишмер, кино сценарист Омор Султанов II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.

Сыйлыкты акындын үйүндө президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов тапшырды.

Касмамбетовдун айтымында, президент Садыр Жапаров өзү келип, сыйлыкты тапшырууну каалаган. “Бирок жумуштун көптүгүнөн улам келе алган жок. Ал сизге жылуу каалоо-тилектерин айтты жана тезирээк сакайып кетишиңизди каалады”, - деди аппарат жетекчи.

Омор Султановдун кызы Жаркын Султанова президентке ыраазычылык билдирип, бул сыймык экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий