• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин аппарат жетекчиси: Садыр Жапаровдун инаугурация аземи тиешелүү деңгээлде өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Президенттин аппаратынын жетекчиси — мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов КТРКге берген маегинде эртең, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация аземи кандай өтө тургандыгын жана даярдыктар тууралуу айтып берди.

Анын билдирүүсүнө караганда, инаугурациянын сценарийи даярдалып бүттү. "Биз бул сценарийдин үстүндө иштеп жатканда башка өлкөлөрдүн да инаугурация өткөрүү боюнча сценарийин окуп, көрүп чыктык. Биз үчүн абдан кызык болду. Буга чейинки биздин президенттердин да инаугурация аземин көрүп, сүйлөгөн сөздөрүн толугу менен угуп чыктык. Баарын эске алып, чоң жаңылык киргизүүдөн баш тарттык. Бийликке киришүү аземи - академиялык иш-чара болуп саналат. Жөнү жок өзгөртүүлөрдү киргизип, кошумчаларды кошууга болбойт. Биз анын ортосун кабыл алып, атайын адистердин кеп-кеңешин угуп чыктык", - дейт ал.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети биринчи репетицияны өткөрүп, убакыттын баарын ийне-жибине чейин эсептеп чыккандыктарын айтты.

"Репетициянын ар кандай варианты каралып, алдын ала өткөрүлүп көрүлдү, анын жүрүшүндө биз түз эле элдин сынына кабылдык. Ар кандай сындар айтылды. Ошондо жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чечим кабыл алып, уюштуруу комитетине өзүнүн пикирин билдирди. Кошумча тыгындардын кереги жок экендигин жана бир топ чыгымдарды жумшоого тыюу салды. Андан соң уюштуруу комитетинин экинчи жыйыны өтүп, элдин жана Садыр Жапаровдун пикирин эске алуу менен башка сценарий иштелип чыкты", - деп маалымдады Касмамбетов.

Ошондой эле президенттин аппаратынын жетекчиси негизги трассадагы көчөлөрдө жол кыймылына чектөөлөр киргизилип, жолдор жабылбай тургандыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, эртең, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи болот.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Чакырылган меймандардын бардыгы коронавирус инфекциясына ПЧР анализдерин тапшырышканын белгилей кетүү керек. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда.

Инаугурация аземи Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт.

Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.

Пикир

Оставить комментарий