• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин аппараты Бишкектин аймагында өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Президенттин аппараты Бишкекктин аймагында өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, ьүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал режими киргизилди.

Белгилей кетсек, ал учурдагы түзүлгөн кырдаалга жана массалык башаламандыктардан улам келип чыккан зордук-зомбулук, адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирүү менен байланышкан, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды тез арада стабилдештирүү жана Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти орнотуу максатында киргизилген.

Баарынан мурда, бул чаралар борбор калаанын жашоочуларынын коопсуздугун жана бейпил жашоосун камсыз кылууга багытталган.

Өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин Бишкек шаарынын коменданты кырдаалга жараша коменданттык саатты киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий