• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президенттин аппараты «24.kg» агенттигинин Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот деп жарыялаган маалыматын төгүндөйт

Президент 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-апрелинде «24.kg» маалымат агенттигинин сайтында «Первый под председательством Садыра Жапарова Совет безопасности обсудит важное» деген аталыштагы материал жарыяланып, анда өздүк булактарга шилтеме берүү менен үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Коопсуздук кеңешинин жыйыны жабык эшик артында өткөрүлөрү маалымдалган. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын иш-чаралар графигинде 20-апрелде Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүү пландаштырылбаганын жана буга чейин дагы ушул датада өткөрүү белгиленбегендигин билдирет. Демек, «24.kg» маалымат агенттиги жарыялаган маалымат коомчулукту адаштырган жалган жана чындыкка дал келбеген маалымат болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 13-январында «24.kg» маалымат агенттиги «Ак үйдөгү булактарга» шилтеме берүү менен «Инаугурация Садыра Жапарова. Когда и где она пройдет, и кого пригласили» деген маалымат жарыялаган. Анда Садыр Жапаровдун инаугурациясына Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев жана башкалар чакырылганы белгиленген. Бул маалымат дагы чындыкка дал келбеген маалымат болгон.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү «24.kg» маалымат агенттигин жана жогорудагы материалдардын автору, басылманын кабарчысы Бактыгүл Осмоналиеваны маалыматтын ишенимдүүлүгүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий