• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин аппараты штабга жана комендатураларга ӨА шартында ЖМК менен иштөө форматын кайра карап чыгууну сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Републикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга ЖМК менен иштөө форматын, атап айтканда, өзгөчө абал мезгилинде аларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштайт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Муну менен бирге, ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранабыз.

Ошону менен катар Республикалык штабдын, комендатуралардын жана тийиштүү мамлекеттик органдар өкүлдөрүнүн онлайн-брифингдери өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилейбиз.

Өзгөчө абал шартында кабыл алынып жаткан чаралар жана учурдагы кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды берүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн ачыктыгын камсыздоочу бул багыттагы иштердин улантыла беришин кубаттайбыз.

Пикир

Оставить комментарий