• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин аппаратынан мас чиновник айым тууралуу айтпагыла деген элчинин сөзүн төгүндөштү

Коом 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. КР президенттин аппаратынын бир дагы кызматкери Кыргызстандын Кореядагы элчиси менен байланышкан эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Кореядагы элчиси Кылычбек Султановдун президенттин аппаратынан кореянын “Инчхон” аэропортунда болгон окуя тууралуу маалыматты тараптагыла деп айткан сөзүнө комментарий берип жатып мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Мурда маалымдалгандай, 22-сентябрда Сеулдагы аэропортто эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова мас абалында учактын ичинде чыр чыгаргандыгы үчүн рейстен алынган. Ошол эле күнү ал кызматынан да бошотулган.

Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султанов билдиргендей, ошол күнү президенттин аппаратынан мас абалында чыр чыгарган эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла деген телефон чалуу болгон.

Президенттин басма сөз катчысы элчинин бул билдирүүсүн төгүндөдү. “Ал күнү КР президенттин аппаратынан эч ким КРнын Сеулдагы элчиси менен байланышкан эмес”, - деп билдирди ал.

Анын айтымында, аэропортто чыр чыккан маалда президенттин аппаратына жана Сооронбай Жээнбековго дароо маалымат жеткирилген. “Президент ошол замат ТИМ башчысына абалды текшерип чыгууну тапшырган. Келип түшкөн маалыматтар тастыкталган болсо, анда тиешелүү чара колдонуу үчүн өкмөт башчыга да тапшырма берилген”, - деп билдирип, Стамалиева өкмөт башчы чара колдонгондугун жана ал тууралуу баардыгына маалым болгондугун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий