• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Президенттин аппаратында акчаны азыраак корото башташты

Коом 0

Бишкек. 31.10.18 /Кабар/. 2018-жылдын 9 айында Кыргызстандын президентинин аппаратынын чыгашалары 133 миллион сомду түздү. Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 30 миллион сомго (-19%) аз. Бул тууралуу Economist басылмасы жазып чыкты.

Каражаттын көбүн айлык акыга коротушкан – 93 миллион сом. Негизги айлык акыга болгон чыгашалар 32 миллион сом, кошумча төлөмдөр жана компенсациялар 61 миллион сомдон ашкан. Былтыр окладга жалпысынан 100,5 миллион сом жумшалган.

Кызматтык сапарларга болгон чыгашалар экинчи орунда (15 миллион сом), үчүнчү орунда Социалдык фондго болгон төлөмдөр (14 миллион сом). Андан кийин резервдик фондго болгон төлөмдөр (10,5 миллион сом).

Басылма белгилегендей, 2018-жылы президенттин аппаратынын чыгашалар сметасында “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар” сабы пайда болгон. Бул багуучуну жоготууга байланыштуу компенсациялык төлөмдөр болгон. Алар 570 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий