• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин аппаратында ыктыярчылар менен жолугушуу болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында бүгүн, 4-августта, ыктыярчылар менен жумушчу жолугушуу болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылдын 21-июль күнү ыктыярчылар кыймылынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Иш-чаралар планынын ишке ашырылышы талкууланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев Планды ишке ашыруу боюнча азыркы абалды талкуулоо үчүн маалымат берди.

Ал белгилегендей, Президент менен болгон жолугушууда айтылган маселелердин 70%ынан ашыгы аткарылды.

Тактап айтканда, кыска убакыттын ичинде койко-орундарды каттоо боюнча автоматташтырылган маалымат тутуму иштелип чыкты (www.map.covid.kg), Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бул тутум сыноодон өткөрүлүп жатат, ошондой эле жалпы республика боюнча маалыматтар топтолууда.

Ошондой эле COVID.KG сайты менен КР Каржы министрлигинин сайтында COVID-19 менен көрүшүүнүн алкагында донордук жардамдар боюнча маалымат жана «Бирге» координациялык порталында жеке коргоочу каражаттар, дары-дармектер жана медициналык жабдуулардын керектелиши боюнча маалымат жайгаштырылган.

Мындан сырткары, республика боюнча 12 саламаттыктыкты сактоо объектисинде курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Алардын 9 объектисинде капиталдык ремонт болуп, ошондой эле Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жугуштуу оорулар ооруканасынын 3 жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө.

Эске салсак, ыктыярчылар менен болгон жолугушууда саламатыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин демөөрчүлөрдүн жардамы менен келген жеке коргоочу каражаттар, дары-дармектер менен камсыздоо боюнча жеке жоопкерчилигин күчөтүү, ошондой эле медициналык мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигин комиссия менен кароо сунушталган. Аталган факты боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө буйрук чыгарган.

Медицина кызматкерлерине компенсациялардын көлөмү 30%га көбөйтүлгөн. Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлиги 120 медикти Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу мекемелерге/ санаторийлерге жиберишти.

Жеке жана юридикалык жактардын калкка кайтарымсыз жардам көрсөтүү максатында медициналык буюмдарды жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын аймагына тоскоолдуксуз ташуусу үчүн шарттар менен камсыз кылуу максатында үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан алып келинген медициналык товарларды чыгаруу процессинин баскычтуу алгоритми иштелип чыккан.

Алмаз Кененбаев ыктыярчыларга аткарып жаткан иштери үчүн ыраазычылыгын билдирип, иш-чараларды жүзөгө ашыруу ушул темпте улантыларын белгиледи. Айрым иш-чаралар азыркы учурда жыйынтыктоо процессинде болсо, туруктуу негизде дайыма ишке ашырылып туруучу иш-чаралар да бар.

Өз кезегинде ыктыярчы кыймылдардын активисттери аткарылган иштерге жана берилген маалыматтарга ыраазычылык айтышып, ошону менен бирге калк арасында дүрбөлөң азайганы менен, илдет жуктуруп алгандар боюнча статистика мурдагыдай болуп жатканына тынчсызданууларын билдиришти.

Ошондой эле ыктыярчылар коомдук фонддон КР Саламаттыкты сактоо министрлигине 5 тез жардам унаасын өткөрүп берүү иш-чарасына катышты. Тез жардам унааларын Саламаттыкты сактоо министрлиги зарылдыгына жараша бөлүштүрөт. Алар чукул жардам көрсөтүү жана бейтаптарды ташуу үчүн тиешелүү медициналык жабдуулар менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий