• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президенттин аппаратында Жапаровду колдогон митингдин катышуучулары менен жолугушушту

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратында бүгүн, 2-мартта, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өтүп жаткан Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучулары менен жолугушуу болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Митингдин делегаттары менен президенттин аппаратынын Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө митингчилердин талаптары угулуп, жарандардын кабыл алууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Митингдин резолюциясы келгенден кийин ал президенттин аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүндө карала тургандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий