• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Базарбаевдин өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, КР президентинин аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык, КР президентинин басма сөз катчысы жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

КР президентинин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп Базарбаев Кудайберген Базарбаевич дайындалды.

Өмүр баяны:

1958-жылы туулган.

Жогорку билимдүү, 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «Француз тили» адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолун 1982-жылы КМУнун комсомол комитетинин катчысы болуп иштөө менен баштаган;

1982-1985-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнын лекторлор тобунун жетекчиси болуп иштеген;

1985-1987 ж. ж. — Кыргызстан КП Ленин райкомунун инструктору, бөлүм башчысынын орун басары;

1987-1990-ж.ж. — Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун инструктору;

1990-жылдын январь–май айлары — Кыргызстан КП Октябрь райкомунун бөлүм башчысы;

1990-жылдын май–декабрь айлары — Фрунзе шаарынын Октябрь райкеңешинин төрагасынын биринчи орун басары;

1990-1991-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын уюштуруу-инспектордук секторунун башчысы;

1991-1992-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын кадрлар секторунун башчысы;

1992-1993-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын бөлүм башчысы;

1993-1998-ж.ж. — Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары;

1998-1999-ж.ж. — Бишкек шаарынын мэриясынын кирешелер булактарын талдоо жана маркетинг башкармалыгынын башчысы;

1999-2001-ж.ж. — Бишкек шаарынын вице-мэри;

2001-2002-ж.ж. — Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

2002-2004-ж.ж. — Октябрь райондук санитардык тазалоо жана жашылдандыруу комбинатынын директору;

2004-2007-ж.ж. — Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;

2007-жылдын апрель–май айлары — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси;

2007-2010-ж.ж. — Боршайлоокомдун аппаратынын жетекчиси;

2010-жылдын август–декабрь айлары — «Ата Мекен» социалисттик партиясынын Борбордук аппаратынын башчысы;

2010-2012-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Мекен» депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы;

2012-2013-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары;

2013-2016-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри;

2019-2020-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору;

2020-жылдын январынан тартып — Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүнү мониторингдөө жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы.

«2-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини бар.

Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер.

Саясий илимдердин кандидаты.

Пикир

Оставить комментарий