• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Мансурованын өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, КР президентинин аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык, КР президентинин басма сөз катчысы жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Мансурова Наргиза Аскаровна дайындалды.

Өмүр баяны:

1980-жылы туулган.

Жогорку билимдүү, 2002-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетин филология адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2003-жылы Кыргыз Телерадиоберүү компаниясында балдар үчүн телеберүүлөрдүн редактору кызматынан баштаган;

2006-2009-жж. «Кылмыш жана жаза», «Преступление и наказание» гезиттеринин жооптуу редактору болуп иштеген.

2009-2010-жж. — «АКИпресс» маалымат агенттигинин кабарчысы.

2010-2013-жж. — «АКИпресс» маалымат агенттигинин «Баракелде» жаңылыктар порталынын редактору.

2013-2014-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти.

2014–2016-жж. — мамлекеттик расмий «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору.

2016-2017-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консультант.

2018-2019-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн оперативдүү маалымат жана ММКлар менен байланыш секторунун башчысы.

2019-2020-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

«3-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси» класстык чини бар.

Пикир

Оставить комментарий