• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары чек ара маселелери боюнча жарандар менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 17.02.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев бүгүн, 17-февралда, чек ара маселелери боюнча жарандык активисттер жана Баткен, Жалал-Абад облустарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев, Өкмөттүн Аппаратынын, ТИМ, ИИМ, УКМКнын жана башка министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Анда мамлекеттик чек аралардын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо, аймактын калган тактала элек тилкелери боюнча маселелерди чечүү жолдору жана аткезчиликке бөгөт коюу маселелери талкууланды.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын социалдык-чарбалык абалын жакшыртуу жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү үчүн каражаттарды тезирээк бөлүп берүү зарылдыгы белгиленди.

Медербек Сатыев мамлекеттин жана улуттун кызыкчылыктарын коргоодо чыныгы патриоттуулукту көрсөткөн чек ара аймактарынын тургундарына ыраазычылыгын билдирди.

Ал жолугушуунун жүрүшүндө айтылган бардык маалыматтар, сунуштар жана талаптар Мамлекет башчысына билдирилерин, ошону менен бирге тийиштүү мамлекеттик органдарга керектүү тапшырмалар берилерин белгиледи.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Президент Садыр Жапаров Мамлекет башчысы кызматына киришкен күндөн тартып чек ара маселесин артыкчылыктуу багыттардын бири катары эсептеп, айрыкча көзөмөлгө алгандыгын кошумчалады.

Жарандык бирикмелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар чек араны тактоо жана аны коргоону күчөтүү иштери боюнча сунуштарын билдиришти.

Иш-чара «эркин микрофон» форматында өтүп, бардык каалоочулар аларды кызыктырган суроолорду мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө берип, керектүү жоопторун алышты.

Пикир

Оставить комментарий