• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президенттин атынан Жалал-Абад облусундагы 58 бала белек алды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районундагы балдарга арналган жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алардын катарында окуунун алдыңкылары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бар.

Облус башчысы пандемиялык абалга байланыштуу салтанат чакан форматта өтүп жатканын айтып, балдарга ден соолук, окууларына ийгилик, кең келечек каалап, майрам менен куттуктады.

Быйыл облустагы 58 балага президенттин м.а. жаңы жылдык белектери жиберилген. Аны менен катар 100 балага облус башчысынын белектери даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий