• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президенттин БАЭге болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кол коюлган документтер:

— КР Өкмөтү менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосундагы маданият чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— КР Өкмөтү менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— КР жана БАЭнин ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим;

— КР Билим берүү жана илим министрлиги жана БАЭ Билим министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

— КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана БАЭнин Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө министрлигинин ортосундагы айыл чарба жана мал азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргызстандын Ислам Академиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө;

— КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана БАЭ Кызыл Жарым ай коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий