• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин басма сөз катчысы: Энергетиктер кырдаалды көзөмөлдөөдө

Коом 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. «Биздин энергетиктер кырдаалды көзөмөлдөөдө», - деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Анын айтуусуна караганда, азыркы учурда Борбордук Азия боюнча жарыктын өчүшүнүн чоо-жайы такталууда.

«Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында электр энергиясына этап-этабы менен кошулуу иштери жүрүүдө. Жакынкы убакытта өлкөнүн энергосистемасы калыбына келтирилет», - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн күндүзү Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган.

Пикир

Оставить комментарий