• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин басма сөз катчысы: «Кумтөрдүн» айланасындагы акыркы камоолорду саясатка байланыштырган билдирүүлөр орунсуз

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Кумтөр» иши боюнча айрым адамдардын кармалышына байланыштуу акыркы окуяларды саясатташтырган билдирүүлөргө, анын ичинде өлкөнүн Жогорку Кеңешинин депутаттарынын билдирүүлөрүнө комментарий берди, - деп маалымдайт президенттин басма сөз катчысы.

«Коррупция менен чыныгы күрөштүн негизги элементтеринин бири элдешкис позиция, калыстык жана мыйзамдуулуктун сакталышы болуш керек. Эл арасында алтын кенинин айланасында коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө дайыма ачык айтылып келсе дагы, бүгүнкү күнгө чейин „Кумтөр“ боюнча бир дагы терең, объективдүү иликтөө жүргүзүлгөн эмес. Коомчулуктун талабы менен учурда „Кумтөрдүн“ айланасындагы бардык коррупциялык иштер ар тараптуу каралып жатат. Бул иште өлкөдөгү белгилүү адамдардын аттары да чыгып жатат. Бирок, бул жагдай тергөө иштеринин жүрүшүн токтотпошу керек. Мына ушундан улам, биздин көз карашыбызда, мыйзам алдында баарыбыз бирдей болгондуктан, бул абалга кимдин бирөөлөрдүн мурдагы эмгектерин, ээлеген кызматтарын байланыштырууга болбойт.

Ошондуктан „бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу“ деген сыяктуу билдирүүлөр — орунсуз. Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган айрым жарандардын сөздөрүндө эч кандай негиз жок. Мен баардык тараптарды сабырдуулукка чакырар элем. Чекитти тиешелүү компетенттүү органдар коюшу керек», — деп белгиледи Эрбол Султанбаев.

Эске сала кетсек, “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду эки айга камакка алынды. Ошондой эле депутаттар Пирматов жана Узакбаев кармалган. Андан тышкары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалган.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-майында Жогорку Кеӊеш министрлер кабинетине "Кумтөр Голд" компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизип, тышкы башкаруучуну дайындоо сунушун берген.

Ошондой эле "Кумтөр голд компани" компаниясы көзөмөлдөө жана мөңгүлөрдү сканерлөө тутумун өчүргөндүгү маалымдалган.

Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” боюнча 4 кылмыш иши козголгондугун айткан.

Кийинчерээк Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий