• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президенттин басма сөз катчысы өлкө жетекчисинин КМДБ башчысын алмаштырууга тиешеси бар деген маалыматтарды төгүндөйт

Президент 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактарда айтылып жаткан Максат ажы Токтомушевдин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы кызматынан алынышына өлкө жетекчилигинин тиешеси бар деген маалыматты төгүндөйт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Социалдык тармактарда белгисиз адам Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун ага өлкөнүн муфтийи кызматын убада кылгандыгын, ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов жана башка адамдар Максат ажы Токтомушевди муфтийликтен мыйзамсыз алышканын билдиришкени тууралуу аудио тараган.

Галина Байтерек белгилегендей, мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана ал маалымат чагымчыл мүнөздө.

Ал Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады.

Президенттин басма сөз катчысы айрым күчтөр коомдо дүрбөлөң чыгарып, чыңалууну жайылтууга кызыкдар экендигин баса белгилеп, мындай жалган жалаалардын демилгечилерин жоопкерчиликке чакырды.

Пикир

Оставить комментарий