• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президенттин басма сөз катчысы: Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандары бурмаланууда

Президент 0

Бишкек, 28.10.21./Кабар/. «Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандары айрым кызыкдар тараптар тарабынан бурмаланууда», - деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Анын маалыматына караганда, алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, соцтармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда.

«Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет», - деп белгиледи Эрбол Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий