• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президенттин басма сөз кызматы: Инаугурация аземи түз эфир аркылуу көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Инаугурация аземин журналисттер чагылдыруу үчүн республикалык телеканалдар аркылуу иш-чара түз алып берип көрсөтүлөт. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жаңы шайланган президенттин инаугурация аземиндеги журналисттерге байланыштуу кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

«Өлкөнүн шайланган президентинин кызматка киришүү иш-чарасы республикалык телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлөт. Иш-чарага негизинен катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу журналисттерди аккредитациялоо жүргүзүлгөн жок, иш-чараны онлайн чагылдыруу үчүн баардыгы жеткиликтүү болот. Инаугурация аземине алдыңкы ата мекендик ЖМКлардын жетекчилери жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү конок катары чакырылат», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий