• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчисинен кош жарандуулук аныкталды - УКМК

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчисинен кош жарандуулук аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүү тапшырмасынын алкагында, УКМК КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчисинде У.А.У. Кыргызстан жана Россиянын кош жарандуулугу бар экендиги боюнча маалымат келип түшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, У.А.У. 2021-жылдын 11-январында Россиянын жарандыгынан чыгууга уруксат берилгендиги тууралуу РФнын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн берүүгө аргасыз болгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын апрель айында У.А.У. КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген, ошол учурда У.А.У. өзүнүн жеке маалыматтарында РФ жарандыгы бар экенин жашырган.

"КРнын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" мыйзамдын 17 жана 18-беренелерине ылайык, мамлекеттик сырды билүүдөн баш тартуу жана токтотуу үчүн кош жарандуулуктун же башка жарандыктын болушу негиз болуп саналат, ушул жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан мамлекеттик сырды билүү мүмкүнчүлүгү У.А.У. чакыртып алынган, бул тууралуу кийин ээлеген кызматынан бошотуу үчүн КР Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдирүү жөнөтүлгөн.

Ошону менен бирге УКМК "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" КР мыйзамынын 15-беренесине ылайык, башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматта боло албай турганын эскертет. Чет мамлекеттин жарандыгынын фактысын жашыруу анын андан аркы кызматын токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий