• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жамаатына жаңы жетекчини – Нурил Алымбаевди тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров тааныштыруу учурунда маалымдагандай, аймактын мурдагы жетекчиси Эркин Тентишев башка ишке которулгандыгына байланыштуу кызматтан кетүүдө.

«Чүй облусунун жаңы жетекчисинин алдында КР президентинин Жарлыктарын жана КР министрлер кабинетинин чечимдерин мындан ары ишке ашыруу боюнча көлөмдүү жана түйшүктүү иштер турат. Райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, инвестиция тартуу жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү боюнча чечкиндүү жана натыйжалуу кадамдар керек. Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коюлган милдеттерди аткаруусу үчүн бардык ыйгарым укуктар берилген», - деп белгиледи ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калктын ортосундагы түз байланышты жөнгө салуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Жарандардын ар бир кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек. Кандай гана маселе болбосун бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, ыкчам жана так чечилиши тийиш. Чүй облусунун жетекчилиги жер ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, токтоп турган өндүрүш ишканаларынын ишин жандандыруу, облуста 18 кичи ГЭСти куруу долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл», - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий