• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сүлүктү шаарында спорт комплексинин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Сүлүктү шаарында эки кабаттуу заманбап типтеги спорт комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш ишинин капсула салуу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган облустук мекеме ишканалардын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, шаар тургундары катышты.

"Спорт комплекси президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен салынууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Облус башчысы капсула салуу аземинде сөз сүйлөп, жыл башынан бери бир катар социалдык обьектилердин курулушу башталганын баса белгилеп, өлкө башчы тарабынан спортко болгон мамиле жогору болуп, эң негизгиси спортту өнүктүрүү мамлекеттин өнүгүүсүнүн башкы багыты, маанилүү маселеси экендигин айтып өттү.

Аны менен катар, учурда жаштардын спортко болгон кызыгуусу күч экендигин да кошумчалап, шаар тургундарын заманбап типтеги спорттук комплекстин курулушу менен куттуктап өттү.

Жалпы сметалык баасы 26 млн сомду түзгөн спорт комплексинде негизинен спорттун волейбол, футбол жана баскетбол түрүнө ылайыкташкан атайын аянтчалар бар. Ал эми спортчулар үчүн толугу менен заманбап шарттар каралган.

Облустагы эң чоң комлекстин эки кабаттуу имаратынын жалпы аянты 80 чарчы метрди түзөт. Курулуш иши ушул жылдын октябрь-ноябрь айларына бүткөрүлөрү пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий