• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын берүүнүн тартиби бекиди

Билим 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын берүүнүн тартиби бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигини басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “КР президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү тууралуу” №397 жарлыкка кол койду.

Президенттин 2022-жылдын 10-майындагы №146 “Кыргыз Республикасынын президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, министрлер кабинети эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери, стипендиат менен окутууга келишим (контракт) түзүүнүн эрежелери, президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишимди бекитти.

Пикир

Оставить комментарий