• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясына талапкерлерди каттоо үчүн атайын сайт иштеп баштады

Билим 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына катталуу үчүн атайын сайт иштеп баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, талапкерлердин документтерин онлайн кабыл алуу 1-июндан 30-июнга чейин жүргүзүлөт. "Үмүт" порталы аркылуу каттоо формасын толтуруп, талап кылынган документтерди жүктөө керек. Ошондой эле документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетине тапшыруу зарыл.

Жыл сайын 50 “Эл үмүтү” стипендиясы бөлүнөт, алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 20, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн - 10.


“Эл үмүтү” стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн таланттуу жаштарга ыйгарылат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жыл сайын президенттин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.

“Эл үмүтү” стипендиясы Кыргызстандын таланттуу жаштарына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Стипендия таланттуу жаштарга QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Стипендияга катышуунун шарттары тууралуу толук маалымат бул жерде.

Пикир

Оставить комментарий