• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин Элдик курултай түзүү тууралуу сунушу коомдук ишмерлердин колдоосуна ээ болду

Саясат 0

Бишкек, 4-апрель /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Элдик курултай өткөрүү кыргыз элинин тарыхый салты болуп саналат, анда өлкө үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 5-жыйынында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдө Элдик курултай түзүүнү сунуштаган. Муну менен катар өлкө башчысы мураскер тууралуу, тагыраак айтканда анын болбостугун жана кыргыз элинин салтын жана маданиятын сактоо маселесине токтолгон.

Эсенгул Өмүралиев мамлекет башчысынын пикирин толугу менен колдойт.

“Мен бул туура деп эсептейм. Тарыхта өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда Элдик курултай чакырылган. Бул элдин, мамлекеттин пайдасына болгон. Салтты жана маданиятты сактоого байланыштуу мен Көчмөндөр оюндарын үзгүлтүксүз өткөрүп турууга макулмун. Анткени, оюндарды өткөрүү саясий көз карашта да, туризм жагынан дагы биздин өлкөнүн бренди болуп саналат”,-деди ал.

Ошондой эле, Э.Өмүрулиев Кыргызстандын Президенти дайыма мураскер калтырбай турганын айтып келгенин билдирди.

“Ал эл менен макул экенин, эл кимди шайласа ошол мамлекет башчысы болорун айтып жатат. Мен буга толугу менен макулмун. Эң башкысы өлкөдө таза шайлоо өткөрүү жана Кыргызстанды Борбор Азиядагы лидерлердин бирине көтөрө турган татыктуу президентти шайлоо”,-деп кошумчалады Э.Өмүралиев.

Пикир

Оставить комментарий