• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров "Алтын балалык" борборуна президенттин фондунан 3 миллион сом бөлүп берди

Президент 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафонуна катышты.

Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин аталган борборду куруу менен “Мээрим булагы” кайрымдуулук фонду алектенип келген, бирок кийин курулуш токтоп калган.

"Борбордун курулушу 2000-жылдары башталып, дубалы тургузулуп, бирок иштер 2005-жылы токтоп калган. Үстүбүздөгү жылдын мартында мен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен борбордо болуп, мекеменин курулушун бүтүрүү тапшырмасын бергем", - деди ал.

Мамлекет башчысы билдиргендей, учурда имараттын бир бөлүгүн араб өлкөлөрүнүн фонду, бир бөлүгүн "Кумтөр Голд Компани" ЖАК курууда. Мындан сырткары, демөөрчүлөрдөн, кайдыгер эмес жарандардан жана бардык каалоочулардан каражат тартуу үчүн кайрымдуулук марафонун өткөрүү чечими кабыл алынган.

"Реабилитациялык борборду келерки жылдын 1-июнуна, балдар күнүнө арнап ачалы деген планыбыз бар", — деп билдирип, эгер чогултулган каражаттар жетпесе, анда кийинки жылдын январынан тартып курулушту бүтүрүүгө каражат республикалык бюджеттен бөлүнөрүн кошумчалады.

"Муну өзүбүздүн балдар үчүн, жарандар үчүн жасап жатабыз. Андан сырткары, дүйнө жүзүнөн эс алуучуларды жана бейтаптарды кабыл алсак болот", — деп билдирди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борбору 500 бейтапка эсептелген жана келечекте кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

"Учурда эки бөлүм иштеп жатат. Кардиохирургиялык бөлүм ачылып, 5 операция жасалды. Мындан сырткары, аллергиялык бөлүм ачылды", — деди президент.

Мамлекет башчысы, Ысык-Көлдүн климаты дагы бейтаптардын саламаттыгына жакшы таасир этээрин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров мамлекет башчысынын резервдик фондунан 3 миллион сом бөлүп берди.

Пикир

Оставить комментарий