• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин Германияга болгон сапары ийгиликтүү жана жемиштүү болду – эксперт

Коом 0

Бишкек, 18.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий сапары саясий да, экономикалык да жактан ийгиликтүү жана жемиштүү болду. Мындай пикирин эксперт, экономист Сергей Пономарев мамлекет башчынын сапары тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдөгү ири экономикага ээ Германия Европа биримдигинин кыймылдаткыч күчү болуп келет.

"Бул мамлекеттеги жолугушуулар жогорку жана эң жогорку деңгээлде өттү. Германия Федеративдик Республикасынын жогорку жетекчилиги менен болгон жолугушууларда сүйлөшүүлөр мамлекеттик тилде өттү. Менимче, Германияда биздин мамлекеттик тилден немис тилине которо алган котормочулардын бар болгону жакшы", - дейт Пономарев.

Сапардын экономикалык өңүтү боюнча айтып жатып, ал анын алкагында түзүлгөн ири суммадагы контракттар, ошондой эле келишим, макулдашууларды белгилеп өттү.

"Кызматташуу боюнча меморандум менен макулдашууларга, жалпы суммасы 1 млрд. евролук контрактка кол коюлду. Чынын айтканда, бул өткөн жылдагы инвестицияга караганда эки эсе көп. Айтмакчы, жакынкы арада эле биздин бизнес менен Россиянын бизнеси, Путин менен Жээнбековдун жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болуп, бир топ жемиштүү иштер жасалып, келишимдердин суммасы 6 млрд. доллардан ашты", - деди ал.

Пономарев, Германияда кол коюлган контракттардын суммасы өлкө үчүн орчундуу каражат экенин белгиледи.

"Өткөн жылы өлкөбүзгө жасалган инвестиция 500 млн. доллардан бир аз ашык болгонун эсепке алганда ал, биздин өлкө үчүн чоң сумма. Андан тышкары, Германияда эки бизнестин жолугушуусу болду. Биз Борбор Азияда "ВСП+" макамы бар жалгыз өлкө экенибизди белгилеп кетүү керек. "ВСП+" деген эмне? Ал – импорт боюнча кошумча нарк салыгын төлөбөй Европа базарына, анын ичинде Германияга кирүүгө жол ачкан мүмкүнчүлүк. Эгер, ал бизде 15% болсо, Европада 18%ды түзөт. Башкача айтканда, 18% – бул бир топ үнөмдөө жана биздин товарларды чыгаруу үчүн атаандаштыкты берет. Ал жерде 6 миңден ашык товар бар", - дейт эксперт.

Ал бүгүнкү күнү Германияда ата мекендик бал, кургатылган жемиш жана жеңил өнөр-жай продуктылары сатылып жатканын кошумчалады.

""ВСП+" – бул кепилдик эмес, ал бизнес субъекттери колдонгон же колдонбогон мүмкүнчүлүк экенин айтып коюу керек. Европа базарына кирип жатканда 18% үнөмдөө мүмкүнчүлүгү берилет. Жалпысынан сапар саясий да, соода-экономикалык жактан да жемиштүү болду. Мамилелер дагы жогорку деңгээлге жана форматка чыгып жатат", - деди ал.

Эксперт, ЕБ базарларында кыргыз товарларын таанып башташы үчүн өлкөнүн атын чыгарууга инвестиция салуу керектигин айтат.

"Кыргызстан - жаш өлкө болуп, аны таанышы үчүн өлкөнүн атын чыгаруу керек. Маркетинг менен өлкөнүн атын жарнамалоого инвестиция салуу керек. Ошондо биздин товарларды чет жерге чыгаруу ийгиликтүү болот. Мамлекет башчынын Европага жасаган сапарлары учурунда, эл кааласа-каалабаса да, жарнамасыз өлкөнү биле башташат", - дейт Пономарев.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий сапарынын алкагында жалпы суммасы 1 млрд. евролук документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий