• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президенттин инаугурациясына 70% жөнөкөй жарандар катышат. Чет өлкөнүн президенттери чакырылган жок

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин инаугурациясына 70% жөнөкөй жарандар катышат. Бул тууралуу журналисттерге президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун инаугурациясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн. Президенттин инаугурациясы 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик филармонияда болот.

"Инаугурацияга коомчулуктун өкүлдөрү, окумуштуулар, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын өкүлдөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, саясатчылар, эл жазуучулары, эл артисттери, парламенттин бардык экс-спикерлери, бардык экс-премьер-министрлер, экс-президенттер, президенттикке талапкер болгондор жана Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Садыр Жапаровдун штабынын каалоосун эске алып, чакырылгандардын 70%ы жөнөкөй жарандар болот. Башка мамлекеттердин президенттери чакырылган жок, анткени бул ички мамлекеттик иш-чара, ошондой эле эпидемиологиялык кырдаал эске алынды. Бирок Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге чакыруу каты жөнөтүлдү", - деди Касмамбетов.

Пикир

Оставить комментарий