• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин катышуусунда «КР: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» конференциясы өтөт

Президент 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-28-февралында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» конференциясы өтөт.

Конференцияга аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлик бутагынын, башка мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкердик жана эксперттик коомчулуктун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган.

Конференциянын максаты — аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, өнүктүрүү, өлкөнүн жана Кыргызстандыктардын бакубаттуулугу үчүн калктын жана мамлекеттик органдардын өз ара активдүү аракеттенишүүсү, бизнес тармагы, жарандык, эксперттик коомчулук жана эл аралык институттардын пикир алышуусу.

Конференция мамлекеттин бизнес коомчулугу жана жарандар менен өлкөнү жана аймактарды өнүктүрүүнүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелери боюнча өз ара аракеттенишүүнүн жаңы моделин талкуулоо үчүн платформа болуп саналат.

Иш-чарада 2018-жылдын жыйынтыгын чыгаруу, келечекте орто-узак мөөнөттөгү аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча бирдиктүү көз карашты иштеп чыгуу, экономикадагы системалуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүү боюнча сунуштар жана сунуштамалар, социалдык тармакта, жергиликтүү коомчулуктун өзүн катыштыруу менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, калк турмушунун сапатын жогорулатуу боюнча биринчи кезектеги милдеттерди чечүү контекстинде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн демилгелерин жана сунуштамаларын талкуулоо күтүлүүдө.

Конференциянын катышуучулары аймактарда бизнести өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана аймактык саясат тармагында стратегиялык документтерди ишке ашырууну талдоо үчүн коомдук көзөмөлдөө процессине жарандык институттарды тартуу пландаштырылган эки күндүн ичинде тематикалык сессияларга, семинарларга жана жумушчу жолугушууларга катышышат.

Пикир

Оставить комментарий