• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев ЮНЕПтин директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Кыргызстан президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясына катышуунун алкагында БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) Нью-Йорк офисинин өкмөттөр аралык байланыштар боюнча директору Джамиль Ахмад менен жолугушту. Бул тууралуу президентин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев кыргыз мөңгүлөрүнүн абалынын бүткүл планетанын экосистемасы жана адамзаттын келечеги үчүн маанисин баса белгилеп, буга чейин БУУда КР президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген тоолор боюнча күн тартибин ишке ашыруу боюнча программалык иш-аракеттерге кеңири токтолду.

ЮНЕПтин көңүлү Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоонун ордуна өлкөдө жашыл долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигине бурулду.

Ошол эле учурда ЮНЕП «Жашыл Мурас» программасынын алкагында Кыргызстандын мөңгүлөрдүн эришине жол бербөө боюнча иш-аракеттери жана Париж конвенциясында каралган, азыркы этапта олуттуу илимий изилдөөлөрдү жана мониторингди уюштурууда эл аралык каржы институттарынын жардамынын маанилүүлүгү тууралуу маалымат алды.

Мындан тышкары, Чолпонбек Абыкеев экология чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча чаралар тууралуу айтып, эксперттик жардамдын зарылдыгына көңүл бурду.

Өз кезегинде жолугушууда Джамиль Ахмад Кыргызстандын «жашыл» экономика боюнча долбоорлорун алдыга жылдыруу жана мыйзамдарды жакшыртуу жаатында тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирип, ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун тоо демилгелерин ишке ашыруудагы ишмердүүлүгүнө жогору баа берди.

Тараптар талкууланган бардык маселелер боюнча мындан аркы жемиштүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий